<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><key>E</key>
<lyrics>[V1]
.  E              A7
 Адашып мен жүргөндө,
.  H               E
 Кабыл алдың, Теңирим.
.  C#              A
 Рухуң берип жүрөгүмө,
.  F#             H
 Өзүң болдуң тирегим.

[C1]
.    E            H
   Жаратканга жалынам,
.       A          E
   Жаңыла деп суранам.
.    A              H
   Күйүп турсун чырагым,
.                  E
   Келгениңде асмандан.
.    E             H
   Жараткандан суранам,
.    A             E
   Жаңыла деп кайрадан.
.         A          H
   Өчпөй турсун чырагым,
.                  E
   Келгениңде асмандан.

[V2]
 Чарчадым түйшүктөрдөн,
 Алсырады жан дүйнөм.
 Жандандырчы кайрадан деп,
 Сурайм жалгыз Өзүңдөн.

[V3]
 Самап турат жүрөгүм,
 Келериңди, Теңирим.
 Даяр турсам келишиңе,
 Жалгыз менин тилегим.

[V4]
 Ак калпактуу кыргызым,
 Таанысынчы Теңирди.
 Кызмат кылам жан дилимден,
 Куткара көр элимди.</lyrics>
<title>Адашып мен жүргөндө</title>
</song>